• ru
    • EN
    • RU
    • KY
20/04/2023

Конституциялык соттун чечими боюнча маалымат

Конституциялык соттун 2023-жылдын 29-мартта кабыл алынган токтомуна ылайык, Кыргызстанда кайрадан тергөө абагында отурган бир күн кылмыш жаза мөөнөтүн өтөөнүн эки күнү катары эсептелет. Мындай маанилүү чечимди Конституциялык сот «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фондунун Европа биримдигинин колдоосу менен сот адилеттигин реформалоого мониторинг жүргүзүү жана алдыга жылдыруу боюнча долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан сунушуна жооп катары чыгарды.

Конституциялык сот Кылмыш-жаза кодексинин (КК) 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн Конституцияга ылайык келгендиги боюнча чечим чыгарган. Анда тергөө абагында жазаны өтөө мөөнөтүнүн убактысы кандайча эсептелгендиги жөнүндө маселе каралган.

Конституциялык сот Кылмыш-жаза кодексинин (КК) бул беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2- жана 4-бөлүктөрүнө дал келбестигин аныктаган жана Министрлер Кабинетине ККнын беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле Конституциялык сот Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда аталган жобосу анын чечимине ылайык өзгөртүлгөнгө чейин, 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин мурунку редакциясында көрсөтүлгөндөй, тергөө абагындагы бир күн кайрадан эки күн катары эсептелиши керек деген чечим чыгарган. Себеби 2021-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин 80-берененин 5-пунктуна ылайык, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп эсептелет.

«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фондунун өкүлү, адвокат Самат Мацаков, алардын уюму Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун үч негиз боюнча талашкандыгын түшүндүрдү:

«Биринчиден, биздин сунушта бир жагынан тергөө изоляторундагы, экинчи жагынан түрмөлөрдөгү камакта кармоонун шарттарынын айырмасы көрсөтүлгөн. Анда биринчиси экинчисине караганда катаалыраак экендигин баса белгиленген.

Экинчиден, Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү ченеминин азыркы редакциясын киргизүү мурдагы абалга салыштырмалуу абактагылардын абалын начарлатып, муну менен Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп жүйө келтирдик.Анда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого шек келтирген мыйзамдар өлкөдө кабыл алынбашы керек деп айтылат.

Үчүнчүдөн, соттолгондорду өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин тергөө изоляторунда кармоо адаты өзүнөн-өзү басмырлоо экенин жана бул Конституциянын 56-беренесинин 4-пп бузуу менен кыйноого, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге барабар болушу мүмкүн болуп саналат. Биз бул жүйөнү тергөө изоляторунда кармоонун шарты абактарга караганда начар экенине таянып айттык.

Конституциялык соттун чечими бардык мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде жалпы юрисдикциядагы соттор үчүн милдеттүү, демек, учурда өлкөдө эркинен ажыратуу жайларында кармалып турган дээрлик бардык адамдардын жаза өтөө күндөрүн эсептөө үчүн юридикалык мааниге ээ», - деди Мацаков.

Бул сунуш «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду Евробиримдик жана Бельгиянын Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) бейөкмөт уюму менен биргеликте каржылаган кылмыш-жаза сот адилеттигине мониторинг жүргүзүү боюнча «Акыйкат кареги» долбоорунун алкагында Конституциялык сотко берилген. “Акыйкат Кареги” - аталган долбоордун алкагында юстиция тармагына биргелешкен мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн жарандык уюмдардын улуттук тармагы.

«Юристтер адам укуктары үчүн» фондунун төрайымы Асел Койлубаева белгилегендей, долбоордун өнөктөштөрү жарандык коомдун мониторингинин жүрүшүндө сот адилеттиги тармагында адам укуктарынын бузулгандыгы аныкталган башка учурларда да стратегиялык соттук териштирүүнү жүргүзүүнү пландаштырууда.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну Адам Укуктары боюнча Эл аралык Өнөктөштүктүн жана «Юристтер адам укуктары үчүн» КФ жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

#EU4KG #АкыйкатКареги #AkyikatKaregi #ЮЧП #ConstsotKG

Оставьте комментарий что вы думаете о нашей публикации

Комментарии (0):