• ru
    • EN
    • RU
    • KY
07/12/2023

Жазык сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүүнүн жаңы методологиясы иштелип чыкты

Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR) жана “Юристтер адам укуктары үчүн” Коомдук фонду (ЮАУ) ушул тапта Европа Биримдиги каржыланган “Акыйкат Кареги – Сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы” долбоорун ишке ашырып жатат. Бул долбоор Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүү, талдоо жана чакырыктарга жооп кайтаруу боюнча дараметин жогорулатууга багытталган. Долбоордун алкагында түзүлгөн жарандык коомдун жаңы тармагынын мүчөлөрү сот адилеттиги жаатындагы мыйзамдардын жана саясаттын ишке ашырылышына натыйжалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон билимди, аспаптарды жана ресурстарды алышат. Долбоордун алкагында дараметти жогорулатуунун негизги элементи катары эл аралык жана улуттук эксперттердин жетекчилиги алдында жазык сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүүнүн жаңы комплекстүү методологиясы иштелип чыкты.

Жаңы методология мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн универсалдуу аспап катары даярдалып, ал жазык сот адилеттиги жаатындагы эл аралык стандарттарга жана алдыңкы тажрыйбаларга негизделген. Муну менен методология жазык сот адилеттиги секторунун ар кандай чөйрөлөрүндө колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана практикаларга мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жол-жоболор менен аспаптарды белгилейт. Булардын баары чечилиши керек болгон көйгөйлөрдү аныктап, тиешелүү сунуштарды даярдоо максатында жасалууда.

Азыркы учурда методологияны жарандык коомдун жаңы тармагынын мүчөлөрү сынап жатышат. Бул тармак Европа Биримдиги каржылап, IPHR жана ЮАУ ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында түзүлгөн. Колдоого алынган мониторинг боюнча долбоорлордун алкагында жаңы методологияны колдонуу тажрыйбасынын негизинде ал кайра каралып чыгат жана зарылчылыкка жараша толукталат.

Долбоордун алкагында методологияны колдонуу Кыргызстандагы сот адилеттиги системасын реформалоонун азыркы процессине көмөктөшөт. Ошондой эле бул методология бийликке жана башка кызыкдар тараптарга жазык сот адилеттиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана практиканы өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштамаларды берет. Ошол эле учурда методология сот адилеттигине көз каранды адамдарга, айрыкча калктын аярлуу катмарына пайда алып келет.

Жаңы методология Европа Биримдиги каржылаган долбоордун алкагында биринчи кезекте жарандык коом уюмдары колдонсун деп иштелип чыкканы менен, аны башка субъекттер, анын ичинде улуттук адам укуктары институттары, мамлекеттик мекемелер, изилдөө жана билим берүү институттары, эксперттик топтор жана жарандык демилгелер колдоно алышат. Мындан тышкары, методологиянын универсалдуу мүнөзүн эске алганда, аны Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө жана/же чөлкөмдүн деңгээлинде, мисалы, Борбор Азияда да колдонсо болот. Методология белгилеген контролдук көрсөткүчтөрдү өлкөнүн деңгээлинде жыйынтыктарды белгилүү бир аралыкта салыштырууга жана/же алынган жыйынтыктардын негизинде өлкөлөрдүн көрсөткүчүн баалоого мүмкүндүк берет.

Сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүүнүн жаңы методологиясы менен профилдеги шилтеме аркылуу тааныша аласыз:

Шилтемелер бул жерде: орус тилинде, кыргыз тилинде

https://drive.google.com/drive/folders/1uXh8yjZtYOJIcb0GrK4px49lhIuhU3EE?usp=sharing

Оставьте комментарий что вы думаете о нашей публикации

Комментарии (0):